Жаңылыктар

24.10.2024 15:53

   Кароолор: 382

КҮЙҮҮЧҮ МАЙ САКТООЧУ ЖАЙДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

Бүгүн Ош шаарынын Насридинов көчөсүндө жайгашкан күйүүчү май сактоочу жайда өрт-тактикалык машыгуу өттү.

Түзүлгөн сценарий боюнча май сактоочу резервуардан өрт чыккан. Ири өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынан жалпы 8 өрт өчүрүүчү техника, ИИМ, РЭТ жана тез жардам кызматы тартылды.

Машыгуунун максаты өздүк курамды практикалык билим деңгээлин жогорулатуу, ар кандай мүнөздөгү өрт кырсыктарын өчүрүүнүн ыкмаларын үйрөтүү жана май сактоочу кампанын кызматкерлерине алгачкы өрт өчүрүү ыкамаларын практика жүзүндө үйрөтүү.

Мындай машыгуулар мерчемдин негизинде өлкөнүн аймактарында ӨКМ кызматкерлери тарабынан байма-бай өткөрүлүп келет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу