Жаңылыктар
23.04.2024 15:32
Кароолор: 85
“КУДАЙБЕРГЕН” БАЗАРЫНДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
Бүгүн, 23-апрель күнү ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгына караштуу Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери П.Лумумбы көчөсүндө жайгашкан “Кудайберген” базарында өрт- тактикалык машыгуу өткөрүштү.
Машыгуунун алкагында ар кандай өзгөчө кырдаалдарда жүрүм-турум эрежелери, өрт коопсуздугу, эвакуациялоо ыкмалары тууралуу ошондой эле өрт өчүрүүчү каражаттарын туура колдонуу ыкмалары көргөзүлүп, өрткө каршы ички крандарынын суу басымдары текшерилди.
Өрт-тактикалык машыгууну практикада кеңири көрсөтүү үчүн аталган райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 2 өрт өчүрүүчү унаасы, Биринчи май райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 1 өрт өчүрүүчү унаасы жана штаб тартылган.
Мындай өрт коопсуздугун алдын алууга багытталган иш-чараны Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери мектептерде, бала бакчаларда да байма-бай өткөрүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР