Жаңылыктар
19.10.2023 12:20
Кароолор: 366
КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАГАН ИЙГИЛИК!
Сүрөтчүнүн фотокапканына илинген береги сүрөттө Кыргыз мамлекетинин башчысы Садыр Жапаров. Канчалаган жылдар бою техникалык камсыздоосу жок, өнүгүүсү токтогон өлкөгө акыркы жылдары жандануу кирип, заводдон жаңы гана чыгарылган тик учакты кабыл алуу аземиндеги маңдай жарыла кубанычтын изин чагылдырган жүз. Албетте эми гана телчигип келе жаткан өлкөгө заманбап техникалардын, аскердик жабдуулардын, талаа госпиталдарынын, 3-тик учактын келиши кубаныч эмей эмне.
Мамлекеттин бир бөлүгү – үй-бүлөнү башкаруу, камсыздоо, өнүктүрүү канчалык жоопкерчиликтүү болсо, завод-фабрикасы жок, өнүгүүдөн артта калып, кендири кесилген чоң өлкөнү жетектөө, аны өнүктүрүүнү моюнга алуунун өзү ат көтөргүс оор жүк.
Ооба, ар күнү “Кыргыз мамлекети өнүккөн өлкөлөрдүн катарына теңелсе”, деген аруу тилек менен жашайсың. Мындай максатка жетүү канчалык аракетти, түмөн түйшүктү талап кылары айдан ачык. Кыргызстан кезинде агрардык кичине мамлекет катары таанылган менен, өлкөнүн завод-фабрикалары өндүргөн бышык, сапаттуу кийим-кечелери, ар кандай тетиктери, агрардык шаймандары менен дүйнөнүн көптөгөн мамлекетин камсыздачу. Өз мезгилинде көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, дүркүрөп иштеген ишканалар союз менен кошо ураганын баарыбыз билебиз.
Андыктан аларды калыбына келтирүү деги койчу, мамлекеттик мекеме-уюмдардагы эскилиги жеткен техникаларды жаңыртуу, “кризиске баттык, каражат жок” деген тосмону аң-сезимден арылтуу жаңыдан телчигип келе жаткан өлкө үчүн кыйла татаал. Кезинде өнүккөн өлкөлөр да бүгүнкү Кыргыз мамлекетинин жашоосун бир кезде өз баштарынан кечирген.
Өлкө башчысы Садыр Жапаров президенттик кызматка кадам таштаган 3 жылдан бери элдин айлык акыларын, пенсияларын көтөрүү, токтоп турган мекемелерди ишке киргизүү, көмүскө катылып жаткан ишканаларды ачыктоо, жүздөгөн жумуш орундарын камсыздаган фабрикаларды ачуу менен миграцияда жүргөн мекендештер үчүн шарт түзүү демилгелерин жүзөгө ашырып келет.
Акыркы жылдары Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө койгон талабы – мамлекеттик мекеменин мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу, заманбап технологияга жакын болуп, өнүгүүгө карай арыштоо эле. Анткен себеби, мекеменин мүмкүнчүлүгү канчалык кеңири болсо, ошончолук элге кызмат кылуу жеңилдемек.
Буга жараша жаңылануулар, техникалар менен камсыздоолор башка министрликтерде, мекемелерде арбын. Айта кетсек, табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдар жаралган аймакта эң башкысы – элдин амандыгын, андан соң мүлктөрүн сактоо куткаруучулардын вазыйпасы. Дал ушул Өзгөчө кырдаалдар министрлигине мамлекеттин эсебинен акыркы 3 жылда техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга мактанарлык колдоо көрсөтүлдү.
Тактап айтканда, Садыр Жапаров өнүккөн өлкөлөрдүн президенттери менен бир нече жолку сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында ошол өлкөлөрдүн заводунан чыккан заманбап үлгүдөгү өрт өчүрүүгө, адам өмүрүн куткарууга ылайыкталган унаалар, керектүү шаймандар ӨКМге келди. Акыркы жылы мамлекеттин эсебинен сатып алган куткаруучуларга ыңгайлуу тик учактар да буга мисал.
Ошол эле Россия өлкөсүнүн башчысы Владимир Путин менен бир нече жолку сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 17-октябрда кайтарымсыз жардам түрүндө келген МИ-8 МТВ үлгүсүндөгү тик учакты айта кетпесек болбос. Аракеттердин жыйынтыгында келген бул тик учакты маңдай жарыла кубаныч менен тосуп алганы сүрөттө да көрүнүп турат. Ал тоо кыркаларында издөө-куткаруу ишин жүргүзүүгө, жабыркагандарды өзгөчө кырдаал очогунан медициналык керектүү аппараттарды орнотуп, коопсуз эвакуациялоого, жүк ташууга, өрт өчүрүүгө жана башка максаттарда колдонуу мүмкүнчүлүгү кеңири.
Элибизди күттүрбөй келген кырсыктан сактасын бирок, куткаруучуларыбыз ыкчам даяр туруусу заман талабы. Анткени ар бир кырсык айттырып келбейт эмеспи. Буга мисал дүйнөдөгү климаттын алмашуусу Кыргызстанды кыйгап өтпөй койгон жок. Алсак, жайындагы жамгырдын көп болуусунан сел каптоолор, жер көчкүлөрдүн козголуусу бир топ түйшүккө салып, жергиликтүү элдин талаа эмгегин бир заматта жууп кетти. Андыктан мамлекетибиздин башкы милдети – кандай гана кырдаал жаралбасын элибиздин өмүрүн сактап, алардын коопсуз жашоосуна шарт түзүү.
Элдин коопсуз жашоосу үчүн ичкен ашты жерге коюп, өнүгүү кадамдарын изилдеп, билек түрүнө киришкен Президент Садыр Жапаровдун иштерине сын көз караштар арбын. Ар кимдин ою, көз карашы ар башка. Ансыз коом болбойт. Бирок мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жаңылануу жолуна биргеликте, ынтымак-биримдик менен бир максатты көздөй кадам таштасак гана кубаттуу Кыргыз мамлекетин кура алабыз.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР