Жаңылыктар

15.09.2024 09:16

   Кароолор: 1331

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин Токой кызматында эмгектенген кызматкерлердин кесиптик майрамына өз куттуктоосун жолдоду

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин Токой кызматында эмгектенген кызматкерлердин кесиптик майрамына өз куттуктоосун жолдоду.

Урматтуу токой тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери!

Сиздерди токой кызматкерлеринин кесиптик күнү менен чын ниетимден куттуктайм!

Азыркы учурда баарыңыздарга белгилүү болгондой, дүйнөлүк коомчулуктун алдында глобалдык климаттын өзгөрүү шарттарында планетанын биологиялык ар түрдүүлүгүнүн негизги компоненти болуп эсептелген токой экосистемаларын сактоо маселеси абдан курч коюлуп жана анын экологиялык маани-маңызын кайра баалоо процесстери жүрүп жатат.

Токой адамзаттын индустриалдык өнүгүшү үчүн ресурс менен товар катары каралуудан калып, анын экосистемдик кызмат көрсөтүүлөрүнө коомчулук тараптан көңүл бурулуп, жогору бааланууда.

Кымбаттуу токойчулар!

Өлкөбүздө сиздердин эмгегиңиздер менен тармак боюнча жылына 20 тоннадан ашык токой уруктары жыйналып, көчөтканаларда 15 миллиондон ашык көчөт өстүрүлүп, 1,5 миң гектардан ашык токой тигилүүдө.

Токой тармагынын кызматкерлеринин эмгекчилдиги, талыкпастыгы,өз кесибин сүйгөндүгү жалпы сый-урматка жана эң жогорку баага татыктуу.

Сиздердин эмгекке болгон абийирдүү мамилеңер жана кесипке берилгениңиздер тармактын өнүгүшүнө чоң салымын кошот жана мындан ары дагы үзүрлүү кызмат кылаарыңарга ишенем.

Өзгөчө өмүрүн токойго арнап, талыкпай эмгектенип, жаштарга үлгү көрсөтүп, бүгүнкү күндө ардактуу эс алуудагы тармактын ардагерлерине, ардактуу аксакалдарга, алардын жаратылыш жаатында өтөгөн эмгектери үчүн терең урмат-сыйымды билдирем.

Урматтуу токой тармагынын кызматкерлери!

Сиздердин талыкпаган, оор, бирок асыл эмгегиңиздерди биздин келечек муундар баалашат деген ишеничтемин. Биздин мекенибиздин токой байлыктарын жана өсүмдүктөр дүйнөсүн калыбына келтирип жана көбөйтүүдөгү асыл ишиңиздер үчүн сиздерге терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы кесиптик жетишкендиктерди, бакубат жашоо жана узак өмүр каалайм.

Урматтоо менен,

ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу