Жаңылыктар
31.08.2024 09:13
Кароолор: 286
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Кыргыз Мамлекетинин Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата куттуктоосун жолдоду
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Кыргыз Мамлекетинин Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына карата куттуктоосун жолдоду
Урматтуу кыргызстандыктар!
Ата Мекен, Ата Журт үчүн ак кызматын кылган куткаруучулар!
Сиздерди эгемендүү Кыргыз Мамлекети түзүлгөн улуу күнү менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамаатынын жана өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм!
Бүгүн Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн 3000 жылдан ашуун тарыхында жаңы гана телчигип келе жаткан өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгын белгилеп жатабыз.
Айтканга оңой болгон менен өлкөнүн 33 жылы өзүнө кыска тарыхты, ары түйшүктүү, ары ийгиликтүү күндөрдү жана да мамлекетти көтөрүүдөгү үзүрлүү эмгекти камтыды. Бул мезгилде, өзгөчө акыркы 3 жылда биздин министрлик да болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди жаратты. Техникалык мүмкүнчүлүктөрүбүз артып, эл аралык аренада “Кыргыз куткаруучулары”, - деген татыктуу кадыр-баркка ээ боло алдык.
Куткаруучулар үчүн быйыл башка жылдардан өзгөчөлөнүп, табигый кырдаалдар басымдуулук кылып, түйшүктүү жылдардан болду. Селдин көп катталышы министрликтин анын ичинде куткаруучуларыбыздын эркин сынады. Мындай учурда министрликтин жогорку даярдыгы, куткаруучуларыбыздын күжүрмөндүгү менен тикеңерден тик туруп, элибиздин коопсуздугун, бейпилдигин сактап калууга жетиштиңиздер.
Кымбаттуу куткаруучулар!
Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түптөлүүсүнө 100 жыл толот. Бир кылымдык тарыхта Кыргыз журтчулугу бүтүндөй бир доорду башынан кечирип, далай өзгөрүүлөргө туш болду.
Автономдуу облустун 100 жылдыгын белгилөө алдында Мамлекет башчыларынын колдоосу, демилгеси менен завод-фабрикаларды кайрадан ачуу, жолдордун, темир жолдун курулушу, жаңы билим берүү мекемелеринин ачылышын, облустар аралык аба жолдорунун жанданышын ири жетишкендик катары баса белгилей кетейин.
Мына бүгүн жаңы Кыргызстанды курууга, жарандардын ишенимин, биримдигин арттырууга, элибиздин жашоосун жакшыртууга кеңири жол ачылды.
Жаркын келечегибиз үчүн мамлекетибизди көздүн карегиндей сактап, мындан ары өнүктүрүү өзүбүздүн колубузда.
Урматтуу куткаруучулар!
Биздин эң башкы байлыгыбыз – эркиндик, эгемен өлкө, мамлекеттик башкы символдор, эне тил, географиялык аймак. Айрым элдерде элдүүлүгүн тааныткан байлык да, бакыт да жок!
Мамлекетибиздин көз карандысыздыгын туу тутуп, өлкөнү өнүктүрүүгө, Кыргызстан элдеринин улуттар аралык ынтымагына салым кошуп, биримдикте жашайбыз.
Ар бирибиз атуулдук ариетибиз, ар-намысыбыз менен Мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалын бекемдеп, түндүгүн бийик көтөрөлү! Эгемендүүлүктүн байрагы бийик желбиресин!
Урматтоо менен,
ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев