Жаңылыктар

26.08.2025 13:24

   Кароолор: 90

КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРГА ДАЯРДЫК КӨРҮҮ ДОЛБООРУ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫ ТАРАБЫНАН КОЛДОО ТАПТЫ

Өткөн апта соңунда КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү Дүйнөлүк банк каржылаган Кризистик кырдаалдарга даярдык көрүү боюнча долбоордун алкагында өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү механизмдерин Жарандык коргонуу кызматтарынын талкуусуна алып чыкты.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдө кризистик кырдаалдар учурунда шашылыш муктаждыктар менен туруктуулукту жогорулатуу, калыбына келтирүү боюнча узак мөөнөттүү чаралардын ортосунда стратегиялык балансты түзүү жана долбоордун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү өз кезегинде өнөктөш мамилелерди, жемиштүү кызматташууларды белгилеп, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча алдыга коюлган иш пландардын артыкчылыктуу багыттарын толугу менен жүзөгө ашырууга колдоо көрсөтөрүн кошумчалашты

Аталган долбоордун негизги максаты – өзгөчө кырдаалдарда коопсуздукту камсыз кылуу, туруктуулукту жогорулатуу, калктын аярлуу катмарына өзгөчө көңүл буруу.

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу