Жаңылыктар
15.07.2026 09:22
Кароолор: 293
КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДА БАШКАРУУ БОРБОРУНДА УЧКУЧСУЗ УЧУУЧУ АППАРАТТАРДЫ КОЛДОНУУ БОЮНЧА ОКУУ ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда 2026-жылдын 13-июлунан тартып ӨКМдин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн учкучсуз учуучу аппараттарды (дрон) колдонуу боюнча окуу өткөрүлүүдө.
Окуунун жүрүшүндө катышуучулар учкучсуз учуучу аппараттардын техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана колдонуу өзгөчөлүктөрү менен таанышып, коопсуз пайдалануу талаптарын өздөштүрүп, аппараттарды башкаруу боюнча практикалык көндүмдөрдү бекемдөөдө. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүдө, издөө-куткаруу иштеринде фото жана видеомониторинг жүргүзүү боюнча практикалык машыгуулар өткөрүлөт.