Жаңылыктар
29.05.2026 20:20
Кароолор: 101
КРИЗИСТИК КЫРДААЛДАРДА БАШКАРУУ БОРБОРУНДА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА САБАК ӨТКӨРҮЛДҮ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунда 2026-жылдын 29-майында өздүк курам менен коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча сабак өткөрүлдү.
Иш-чарага аталган борбордун башчысы, подполковник Азис Эгембердиев, КР Башкы прокуратурасынын коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, юстициянын подполковниги Баатырбек Осмоналиев катышты.
Сабактын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамынын негизги жоболору, коррупцияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоо, коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу маселелери, ошондой эле жамаатта ак ниеттүүлүк, мыйзамдуулук жана кызматтык ишмердүүлүктүн ачыктыгы принциптерин калыптандыруу боюнча чаралар каралды.
Өзгөчө көңүл кызматтык тартипти сактоо, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, ошондой эле мамлекеттик кызматкерлердин коррупциялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн жеке жоопкерчилиги маселелерине бурулду.