Жаңылыктар

16.01.2024 18:13

   Кароолор: 305

КР ЖК ДЕПУТАТЫ ЭРУЛАН КОКУЛОВ ЭРДИК ЖАСАГАН ӨКМ КУТКАРУУЧУСУНА ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ ТАПШЫРДЫ

Бүгүн, КР ӨКМ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгында ЖК депутаты Эрулан Кокулов өздүк курам менен жолугушту. Жолугушууда эл өкүлү патриоттук сезимдер менен кызмат өтөгөн жалпы куткаруучуларга ыраазычылык билдирип, ажатканага түшүп кеткен 3 жаштагы наристенин өмүрүн сактап калган Ыкчам нөөмөт кызматынын улук нөөмөтчүсү, капитан Шамшиев Бектурга “Ыраазычылык кат” тапшырды.

Эске салсак, аталган окуя 2023-жылдын 20- сентябрында Оштун Кара-Суу районунун Дыйкан-Кыштак айылында орун алган. Жерине барган куткаруучулар ажаткананын тешиги кичине болгондуктан, ыкчам түрдө атайын шайман менен калыңдыгы 30 см болгон бетон полун тешкен соң Бектур ичине кирип, наристени аман-эсен алып чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучунун бул эрдигин эске алуу менен Бектур Шамшиевге 2023-жылдын 29-декабрында кезексиз Капитан аскердик наамын ыйгарган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу