Жаңылыктар

17.10.2025 17:00

   Кароолор: 301

КР ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИНИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ТАЖИКСТАНДА ӨКМ ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН АЙМАКТЫК ФОРУМУНА КАТЫШТЫ

2025-жылдын 15-17-октябрь күндөрү Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында тажик тараптын төрагалыгы алдында кезектеги Регионалдык форум – Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдар мекемелеринин жетекчилеринин жолугушуусу болуп өттү.

Жогорку деңгээлдеги бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов баштаган ӨКМ делегациясы катышты.

Форумдун ишине Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан мамлекеттеринин, улуттук гидрометеорологиялык кызматтардын жетекчилери жана өкүлдөрү, БУУнун Өнүктүрүү программасынын алкагындагы пилоттук шаарлардын мэрия кызматкерлери, ошондой эле башка дагы эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Иш-чарада өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы аймактык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле жер титирөө, жер көчкү, сел сыяктуу Борбордук Азия аймагына мүнөздүү табигый кырсыктарга байланышкан негизги аспектилер талкууланды.

Өзгөчө көңүл шаарлардын табигый кырсыктарга байланышкан коркунучтарына жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулугун жогорулатууга, эрте эскертүү системаларын өнүктүрүүгө бурулду.

Катышуучулар аймактык кызматташтыктын артыкчылыктары боюнча макулдашышты. Ошону менен катар Регионалдык форумдун – Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө кырдаалдарды башкаруу органдарынын жетекчилеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Протоколго кол коюлду. Ал документ 2026-2027-жылдарга региондогу өлкөлөрдүн табигый кырсыктарга жана өзгөчө кырдаалдарга туруктуулугун жогорулатуу жана кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен иштердин келечектүү багыттарын аныктайт.

Мындан тышкары Япония өкмөтү тарабынан каржыланган БУУӨПтүн аймактык долбоорунун алкагында Борбордук Азиядагы шаарлардын туруктуулугун жогорулатуу боюнча Регионалдык коалицияны түзүү жөнүндө биргелешкен Декларация бекитилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу