Жаңылыктар
01.02.2025 21:09
Кароолор: 490
КР ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ ТҮРКИЯДА ӨТКӨН ТАБИЯТ КЫРСЫКТАРЫНА ТУРУКТУУЛУКТУ БЕКЕМДӨӨ ИШ ЧАРАСЫНА КАТЫШТЫ
КР ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин директору Даурбек Сакыев өткөн аптада Түркиянын Анкара шаарында өткөн “Табигый кырсыктарга жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуулугун жогорулатуу үчүн кыймылсыз мүлктөрдү жана геомейкиндик маалыматтарды колдонуу жана билимдерди бөлүшүү боюнча регионалдык иш-чарасына” катышты.
Аталган регионалдык иш-чаранын максаты – жер ресурстарын башкаруу, табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу чөйрөсүндө иштеген бир нече өлкөлөрдүн өкүлдөрүн, эл аралык эксперттерди бириктирген аянтча болуп саналат. «Жер ресурстарын башкаруу – ДРМ» мамилелерин курууда, тажрыйба алмашуу, табигый кырсыктарга даярдануу, кесепеттерин азайтуу, калыбына келтирүү боюнча Европа жана Борбордук Азия регионунда туруктуулукту бекемдөө үчүн геомейкиндиктеги маалыматтарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу.
Билимдерди алмашуу иш-чарасы өкүлдөргө табигый кырсыктар, айрыкча жер титирөө, суу ташкындоо жана токой өрттөрү коркунучтарын башкарууну жакшыртуу үчүн геомейкиндиктик маалыматтарды колдонуу боюнча Түркиянын тажрыйбасы менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берди.
Регионалдык иш-чарада Түркияда колдонулган акыркы технологиялары (3D шаар моделдери), бул өлкөнүн улуттук мейкиндик маалымат инфраструктурасы, имараттардын реестрлери, мүлктөрдү баалоо менен экономикалык эффективдүү жана (DRM) кырсыктардын тобокелдигин азайтуу же кыскартуу ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча презентациялар жана сессиялар өткөрүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР