Жаңылыктар

01.12.2023 09:29

   Кароолор: 650

КР ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ «РОСАТОМ» МАМЛЕКЕТТИК КОРПОРАЦИЯСЫ МЕНЕН ИЙГИЛИКТҮҮ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ ТАЛКУУЛАШТЫ

Беларусиянын Минск шаарында үстүбүздөгү жылдын 29-октябрында КМШга мүчө-мамлекеттердин Атомдук энергияны тынчтык максаттарда пайдалануу боюнча комиссиясынын 24-отурумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов жана «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун орун басары, эл аралык ишмердүүлүк блогунун директору Николай Спасский.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Уран өндүрүүдөн жабыркаган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо” мамлекеттер аралык максаттуу программасын ишке ашыруунун алкагында ийгиликтүү кызматташуу талкууланды.

Азамат Мамбетов белгилегендей, Мамлекеттер аралык максаттуу программанын чегинде жүргүзүлүп жаткан бардык иштер улуттук жана эл аралык радиациялык коопсуздук стандарттарына так жооп берет.

Мындан тышкары, жыйында Миң-Куш айылындагы “Как” калдык сактоочу жайын рекультивациялоо аягына чыккандыгын жана “Талды-Булак” калдыктарын сактоочу жайдан чыккан зыяндуу калдыктарды “Дальнее” калдык сактоочу жайына көчүрүү жана ошондой эле “Туюк-Суудан” “Дальнее” калдык сактоочу жайына көчүрүүнү улантуу жүрүп жаткандыгын канааттануу менен белгиледи.

Программаны ийгиликтүү ишке ашырууну жана радиоэкологиялык кесепеттерге алып келген кырсыктардын коркунучун төмөндөтүүгө багытталган узак мөөнөттүү жемиштүү кызматташууну эске алуу менен, тараптар Кыргызстандын мурдагы тоо-кен объектилерин коопсуз экологиялык абалга келтирүү боюнча кызматташууну улантууну эки тараптуу форматта талкуулашты.

«Росатом» мамлекеттик корпорациясы бул программаны ишке ашырууда ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү өнөктөш катары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ролун жогору баалады.

Жолугушуунун соңунда тараптар радиоэкологиялык кесепеттерге алып келген кырсыктардын коркунучун азайтуу максатында мындан аркы ийгиликтүү, жемиштүү кызматташууга жана тажрыйба алмашууга ишеним билдиришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу