Жаңылыктар
29.01.2025 15:27
Кароолор: 574
КР ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИНИН ТҮРКИЯНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН ЖАНДАРМЕРИЯ АВИАЦИЯСЫНЫН КОМАНДИРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУСУ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин делегациясынын Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Түркиянын Ички иштер министрлигинин Жандармерия авиациясынын командири Али Доган менен жолугушту.
Жолугушууда авиация тармагында өз ара кызматташууну өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери талкууланды. Айрыкча, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Авиациялык кызматын өнүктүрүү, пилотторду, инженерлерди жана техникалык адистерди даярдоо, ошондой эле кыргыз тик учактарынын Түркияда токой өрттөрүн өчүрүүгө катышуусун уюштуруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Министр Бообек Ажикеев түрк тарапка жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы авиациялык камсыздоо жаатындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүдө коопсуздукту камсыз кылууга жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүүгө чоң салым кошорун белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстандын жана Түркиянын элинин кызыкчылыгында авиация тармагында мындан аркы жемиштүү кызматташтыкты улантууга даяр экендиктерин билдиришти.