Жаңылыктар

18.09.2025 18:40

   Кароолор: 79

КР ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ А.МАЗАРИПОВ КМШнын МАМЛЕКЕТТЕР АРАЛЫК КЕҢЕШИНИН XXXVII ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШТЫ

   Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында тажик тараптын төрагалыгы алдында быйылкы жылдын 17-18-сентябрында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинин XXXVII отуруму болуп өттү.

Мамлекеттер аралык кеңештин жыйынына Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар боюнча ведомстволорунун жетекчилери, өкүлдөрү, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлү Валерий Трошко катышты.

    КР ӨКМнин делегация башчысы Акылбек Мазарипов өз сөзүндө табигый жана техногендик коркунучтар өсүп жаткан шартта КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен машыгууларды өткөрүүнүн, тажрыйба алмашуунун, мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдарга туруктуулугун жогорулатуу үчүн заманбап технологияларды киргизүүнүн маанисин баса белгиледи.

Иш-чарада КМШ өлкөлөрүнүн калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо, ыкчам маалымат алмашуу, куткаруучу бөлүктөрдү даярдоо, ири табигый жана техногендик кырсыктарга биргелешип аракеттенүү боюнча кызматташуусунун актуалдуу маселелери каралды.

   Тараптар ошондой эле өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында КМШ өлкөлөрүнүн макулдашылган саясатын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана мамлекеттер аралык кызматташтык үчүн зарыл болгон мыйзам ченемдерин шайкеш келтирүү маселелерин талкуулашты.

Жыйындын жыйынтыгында Чечимге кол коюлду. Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги XXXVIII отуруму 2026-жылы Казакстан Республикасында өтмөкчү.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу