Жаңылыктар

21.03.2024 09:00

   Кароолор: 316

КР ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ, ГЕНЕРАЛ-МАЙОР БООБЕК АЖИКЕЕВДИН НООРУЗ МАЙРАМЫНА КАРАТА КУТТУКТОООСУ

Арыбаңыздар урматтуу мекендештерим!

Элибиз илгертен табият менен эриш-аркак жашап, ар бир кубулушка өз баасын беришкен. Ага карата тиричилигин бир нукка салып, келерки жылдын жашоо камын эртелей көрүшкөн. Кыштан жазга өтүп, мезгил тогошкон күн менен түндүн теңелүүсүн жылдын башы катары белгилейбиз.

Сиздерди жаңыга умтулуу күнү, көктөм жарчысы – Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Дал ушул күнү бабаларыбыз “Жер жарылып чөп чыксын, кырманыбыз ырыскы-берекеге толуп, жерибиз тынч, элибиз ток болсун!”, - деген аруу тилек менен аштыктын үрөнүн себишкен.

Кылымдар кыйырынан бери бул күндү көп улуттуу Кыргыз журтчулугу чыдамсыздык менен күтүшөт. Улустун улуу күнүндө достукту, ынтымакты, биримдикти, өнүгүүнү даңазалайбыз.

Урматтуу кыргыз журтчулугу!

Жан бүткөндүн баарына жаңы жашоо тартуулаган улустун улуу күнү – Ноорузду майрамдап жатабыз. Байыртадан ата-бабаларыбыз күн менен түн теңелгенде илгери үмүт менен дыйкан талаага соко салып, үрөн сээп, токчулуктун, молчулуктун, тынчтыктын жылы болушун тилешкен.

Биз да бабаларыбыздын жолун улап, улустун улуу күнү – Ноорузга айкалыштыра жаз жарышын баштап, жапа тырмак мээнет кылууга ниет кылабыз.

Бүгүн дүйнө агымы ыкчам кабылдоону, ыкчам аракет көрүүнү талап кылат. Демек, биз да өз тармагыбызды алга сүрөөдө жаңыча ойлонуп, жаңы көз караштарды калыптандырып, жаратмандык менен эмгектенели.

Кымбатту куткаруучулар!

Кыргыз журтчулугунун артыкчылыгы, асыл наркы – ынтымак, биримдик, тынчтык жана мекенчилдик сезимдерди туу тутуп, көкүрөгүбүзгө түйө билели.

Күжүрмөн даярдык, айкын максат, талбаган эмгек менен элибиздин коопсуз жашоосун камсыздап алалы.

Улуу Ноорузда ар бир үй-бүлөнү кут жылоолосун.

Урматым менен, Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Бообек Ажикеев

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу