Жаңылыктар

22.11.2024 09:02

   Кароолор: 276

КР ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ, ГЕНЕРАЛ-МАЙОР БООБЕК АЖИКЕЕВ ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

22-НОЯБРЬ - КЫРГЫЗ ПРОКУРАТУРАСЫНА 100 ЖЫЛ

 

КР ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИ, ГЕНЕРАЛ-МАЙОР БООБЕК АЖИКЕЕВ ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

 

Урматтуу прокуратура кызматкерлери!

Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Прокуратурасынын 100 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргыз прокуратурасынын тарыхы Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түптөлүүсүнө ортоктош. Бир кылым мурда 22-ноябрда 15 адамдан турган алгачкы улуттук прокуратура негизделген. Кезинде М.П. Безносиков, А.А. Дорогов сыяктуу улуу инсандар өлкөнүн прокуратурасын жакшыртуунун мыкты үлгүсүн көрсөтүшкөн. Андан бери сиздер далай тарыхты кечирдиңиздер.

Ал эми бүгүн Кыргызстандын демократиялык, эркин мамлекет болуусуна жана социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө прокуратура органынын салымы зор.

Учурда өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүүгө жана жарандардын укуктарын коргоого жүргүзгөн прокурордук көзөмөлү элибиздин мамлекет саясатына деген ишенимин дагы бир жолу бекемдеди.

Прокуратура кызматкерлеринин талыкпаган эмгеги менен Кыргыз Мамлекетинин бүтүндүгү, өнүгүүсү камсыз кылынарын баарыбыз билебиз. Бүгүн өлкөбүздөгү мыйзамдуулуктун кепилдиги – Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы!

Урматтуу прокуратура кызматкерлери!

Кыргызстан элинин кызыкчылыгына, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө багытталган жооптуу ишиңиздерде ийгиликтерди жаратууга тилектешмин! Мекенибизге ак кызмат өтөй бериңиздер!

Терең урматтоо менен,

КР Өзгөчө кырдаалдар

министри, генерал-майор Б.Э. Ажикеев

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу