Жаңылыктар
29.09.2025 17:47
Кароолор: 104
КР ӨКМге ЖАҢЫ БАЙЛАНЫШ СИСТЕМАСЫ — QR-КОД АРКЫЛУУ ПИКИР КАЛТЫРУУ ТАРТИБИ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ
Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жаңы байланыш системасы — QR-код аркылуу пикир калтыруу тартиби ишке киргизилди.
Эми ар бир жаран көрсөтүлүп жаткан кызмат боюнча өз пикирин тез, ыңгайлуу жана электрондук форматта калтыра алат.
Бул үчүн телефондун камерасын QR-кодго жакындатуу жетиштүү. Андан кийин пикир калтыруу тиркемеси ачылат да, анда өзүңүздүн e-mail дарегиңизди киргизесиз.
Эгер каттооңуз жок болсо, каттоодон өтүшүңүз керек: аты-жөнүңүздү, e-mail дарегиңизди, телефон номериңизди, туулган күнүңүздү жана жынысыңызды көрсөтөсүз.
Андан кийин “Катталуу” баскычын басып, почтага келген кодду киргизесиз жана пикир калтырууга өтөсүз.
Керектүү категорияны тандап, пикириңизди калтырасыз.
Эгер каттоодон өтүүнү каалабасаңыз, анда Tүндүк тиркемеси аркылуу авторизациядан өтүп, QR-код сканерин иштетип кодду ачасыз.
Ачылган бөлүмдөн керектүү сапты тандап, пикир жөнөтсөңүз болот.
Түндүк аркылуу бизге кайрылуу жарандарды тейлөөнү дагы да натыйжалуу кылат.
QR-пикир системасы. Ачык жана заманбап мамлекеттик башкарууга жасалган кадам.