Жаңылыктар

04.07.2026 10:42

   Кароолор: 121

КР ӨКМде ТИК УЧАКТЫ КОЛДОНУУ МЕНЕН ТООЛУУ АЙМАКТАРДА ИЗДӨӨ-КУТКАРУУ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА КЫРГЫЗ-ФРАНЦУЗ БИРГЕЛЕШКЕН ОКУУ МАШЫГУУСУ ӨТҮҮДӨ

2026-жылдын 29-июнунан 4-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Авиациялык издөө-куткаруу кызматы» мамлекеттик ишканасынын базасында тик учакты колдонуу менен тоолуу аймактарда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча экинчи кыргыз-француз биргелешкен окуу машыгуусу өтүүдө.

Практикалык сабактар француз инструкторлорунун жетекчилиги алдында өткөрүлүүдө. Окуу машыгуусунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ӨКМинин учкучтары жана куткаруучулары аба кемелеринин экипаждары менен куткаруу бөлүктөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүп, өздүк курамды жетүүгө кыйын болгон аймактарга түшүрүү, ошондой эле бийик тоолуу шарттарда жабыркагандарды коопсуз эвакуациялоо боюнча практикалык көндүмдөрүн чыңдашууда.

30-июнда окуу машыгуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси мырза Николя Фай менен расмий жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык коргонуу жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечектеги өнүгүү багыттарын, ошондой эле авиациялык-куткаруу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо маселелерин талкуулашты. Мындай биргелешкен окуу машыгуулары куткаруучулардын кесиптик даярдыгын жогорулатууга, практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө жана алдыңкы эл аралык тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-француз кызматташтыгын мындан ары да өнүктүрүүгө, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууну улантууга жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин материалдык-техникалык жана авиациялык-куткаруу потенциалын чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу