Жаңылыктар

23.04.2026 17:32

   Кароолор: 21

КР ӨКМде ФРАНЦИЯ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МОСКВАДАГЫ ЭЛЧИЛИГИНИН ИЧКИ КООПСУЗДУК БОЮНЧА АТТАШЕСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТТҮ

2026-жылдын 22-апрелинде ӨКМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Канат Карыбай уулу Франция Республикасынын Москва шаарындагы элчилигинин ички коопсуздук боюнча атташеси Оливье Деэр мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар тажрыйба алмашууну, кадрларды даярдоону жана өз ара сапарларды уюштурууну камтыган өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кыргыз-француз кызматташтыгын өнүктүрүү келечегин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл учкучтардын, куткаруучулардын жана өрт өчүрүүчүлөрдүн квалификациясын жогорулатуу, өрткө каршы жана тоо-кен куткаруу даярдыгын өнүктүрүү, ошондой эле министрликтин техникалык мүмкүнчүлүгүн чыңдоо маселелерине бурулду.

Мындан тышкары, КР ӨКМ менен Франциянын Ички иштер министрлигинин ортосундагы жарандык коопсуздук, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташуу жөнүндө протоколдун долбоорун кийин кол коюу максатында илгерилетүү маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты жана биргелешкен демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууга ишеним билдиришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

https://www.facebook.com/photo?fbid=1370390391800350&set=pcb.1370392475133475&locale=ru_RU
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу