Жаңылыктар
21.04.2025 18:32
Кароолор: 1033
КР ӨКМ МЕНЕН ТАЖИКСТАНДЫН ӨК ЖАНА ЖК БОЮНЧА КОМИТЕТИ ОРТОСУНДА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ
Бүгүн, 21-апрелде Дүйшөмбү шаарында КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин делегациясынын Тажикстан Республикасындагы иш сапарынын алкагында министр, генерал-майор Бообек Ажикеев менен Тажикстандын Өкмөтүнүн алдындагы Өзгөчө кырдаалдар жана Жарандык коргонуу боюнча комитетинин төрагасы, генерал-полковник Раджабали Рахмонали менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында өз ара аракеттенүү, кызматташуу маселелери тууралуу мазмундуу пикир алышышты.
Иш-чаранын маанилүү өзөгүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар жана Жарандык коргонуу боюнча комитетинин ортосунда, Ага Хан фондунун жана Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ар бир өлкөдө көп функциялуу борборлорду куруу боюнча “Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара райондору арасында туруктуулукту чыңдоо демилгелерин” биргелешип ишке ашыруунун алкагында өз ара түшүнүү тууралуу Меморандумуна кол коюулары түздү.
Демилгелерди жүзөгө ашырууга көрсөтүлүп жаткан колдоолорду эске алуу менен тараптар Ага Хан фондунун жана Европа Биримдиктин өкүлдөрүнө ыраазычылыктарын билдирип кетишти.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Тажикстандын тармактуу мекемелери ортосундагы келечектүү кызматташтык пландарына жакынкы аралыкта кол коюу жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнү жигердүү улантуу тууралуу макулдашууга жетишилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР