Жаңылыктар
09.04.2025 17:57
Кароолор: 476
КР ӨКМ менен БАЭнин ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР КЫЗМАТТАРЫ ОРТОСУНДА ӨЗ АРА ТҮШҮНҮҮ ЖАНА КЫЗМАТТАШУУ МАМОРАНДУМУНА КОЛ КОЮЛДУ
Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында “Глобалдык туруктуулукту курууга бир жол” аталышында эки күндөн бери өтүп жаткан кризисттик жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча бүткүл дүйнөлүк сегизинчи саммитинин алкагында КР ӨКМ менен Бириккен Араб Эмираттарынын өзгөчө кырдаалдар, кризис жана табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук башкармалыгынын ортосунда өз ара түшүнүү жана кызматташуу Маморандумуна кол коюу иш-чарасы болуп өттү.
Кыргыз тараптан Меморандумга делегация башчысы, ӨК министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов кол койду.
Бул маанилүү документ өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында кыргыз-эмират кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө укуктук негиз болуп калат.
КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин делегациясынын БАЭге иш сапары кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жаркын мисалы жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында эки өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар ведомстволорунун эки тараптуу, көп тараптуу деңгээлдеги биргелешкен диалогду бекемдөөгө жана өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө карай маанилүү кадам болуп саналат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР