Жаңылыктар
20.10.2026 13:17
Кароолор: 19
КР ӨКМ КДМБ: БИР КҮНДҮК КЫЗМАТ ӨМҮР САКТООГО ДАЯРДЫК!
Таңдан кечке чейин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун аскер кызматкерлери күжүрмөн даярдыгын жогорулатып, дене тарбиялык даярдыгын чыңдап, кесиптик чеберчилигин өркүндөтүшөт.
Тактикалык машыгуулар, бекем тартип жана командалык биримдик - өзгөчө кырдаалдарда ыкчам, чечкиндүү жана сабаттуу аракеттенүүнүн негизи. Бул жерде ар бир машыгуу адам өмүрүн сактап калууга багытталган жооптуу кызматка даярдайт.
Куткаруучунун күчү эркинде, чеберчилигинде жана жоопкерчилигинде!
КР ӨКМ КДМБ бүгүнкү даярдык, эртеңки куткарылган өмүр!