Жаңылыктар

27.08.2025 16:20

   Кароолор: 280

КР ӨКМ КАЛКТЫН ИШЕНИМИНЕ КИРГЕН ЭҢ АЛДЫҢКЫ МИНИСТРЛИК ДЕП ТАБЫЛДЫ

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча калктын ишеним көрсөтүү индекси 52,9 упай рекорддук деңгээли менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигин сап башына чыгарды.

Бул көрсөткүч мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун баалоо максатында Улуттук статистика комитети жүргүзгөн сурамжылоонун натыйжасында аныкталды.

Ишеним индекси упайлар менен бааланып, канчалык көп болсо, ишеним ошончолук жогору экенин тастыктаган. Сурамжылоого өлкөнүн бардык аймактарында 18 жаштан 75 жашка чейинки адамдар арасында жүргүзүлгөн.

Анда: «Белгилүү бир мамлекеттик органга канчалык ишенесиз?», «Андагы коррупциянын деңгээлин» жана «Ишмердүүлүгүн жалпысынан кандай баалайсыз?» деген үч суроонун алкагында жыйынтык чыгарылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу