Жаңылыктар

28.09.2026 16:08

   Кароолор: 387

КР ӨКМ ЭСКЕРТЕТ: ӨЧҮРҮЛБӨГӨН ТАМЕКИНИН БИР ТАЛЫ ИРИ ӨРТКӨ СЕБЕП БОЛУШУ МҮМКҮН

Кургак аба ырайы өкүм сүргөн мезгилде өрт өтө кыска убакыттын ичинде кеңири аймакка жайылып кетиши мүмкүн. Күйгөн кургак чөптөн чыккан жалын токойлорго, чарбалык курулуштарга жана турак үйлөргө өтүп, жаратылышка олуттуу зыян келтирип, адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратышы мүмкүн.

Өчүрүлбөгөн тамекинин калдыгын жерге, кургак чөпкө же унаанын терезесинен сыртка ыргытпаңыз. Өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо - ар бир жарандын жоопкерчилиги.

Өрт чыкканын байкасаңыз, дароо 112 же 101 номерлерине кабарлаңыз.

ӨКМ КР ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу