Жаңылыктар

03.07.2026 21:08

   Кароолор: 16

КР ӨКМ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ЖККУнун ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШИНИН 17-ОТУРУМУНА КАТЫШТЫ

Ушул жылдын 30-июнунан 1-июлуна чейин Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин делегациясы министрдин орун басары Искендер Сулаймановдун жетекчилиги алдында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин (ӨККК) 17-отурумуна катышты. Отурум Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министри, генерал-полковник Александр Вячеславович Куренковдун төрагалыгы алдында өттү.

Координациялык кеңештин отурумуна Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилери, ошондой эле ЖККУнун Катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

Күн тартибине ылайык, Координациялык кеңештин катышуучулары Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2026-жылдагы ЖККУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын угуп, аны эске алышты. Ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын 2027-жылга карата өз ара аракеттенүү боюнча иш-чаралар планы бекитилди.

Отурумдун жүрүшүндө Координациялык кеңештин мүчөлөрү Тажикстан тараптын 2026-жылдын октябрь айында Тажикстан Республикасында өткөрүлүшү пландалган «Скала-2026» аттуу «Кыйраткыч жер титирөөнүн кесепетинен келип чыккан өзгөчө кырдаалдарды жоюу» темасындагы атайын машыгууга даярдык тууралуу маалыматын эске алышты. Ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү тартиби жөнүндө жобону ишке ашыруу боюнча өткөрүлгөн биргелешкен машыгуунун жыйынтыгы чыгарылды.

Мындан тышкары, Тажикстан Республикасында Гуманитардык чара көрүү борборун түзүү концепциясынын долбоору тууралуу маалымат кабыл алынып, ал ЖККУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин алдындагы Жумушчу топтун кезектеги жыйынында кароо үчүн сунушталды.

Отурумдун жыйынтыгында катышуучулар Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетинин төрагасы Раджабали Рахмоналинин талапкерлигин ЖККУнун Өзгөчө кырдаалдар боюнча координациялык кеңешинин кийинки төрагасы катары бекитишти. Ошондой эле Тажикстан Республикасынын 2027-жылы Координациялык кеңештин 18-отурумун өткөрүү боюнча сунушу колдоого алынып, жыйындын Протоколуна кол коюлду.

Отурумдун алкагында Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Газпром Арена» стадионунда техногендик мүнөздөгү мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча ведомстволор аралык комплекстүү машыгууну уюштурду. Машыгуунун жүрүшүндө өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн, күч түзүмдөрүнүн жана калкты турмуш-тиричилик жактан камсыздоо кызматтарынын биргелешкен аракеттери бир нече өзгөчө кырдаалдардын сценарийлери боюнча иштелип чыгып, ошондой эле атайын техникалар көрсөтүлдү.

Машыгууга 80ге жакын техника жана 200дөн ашуун өздүк курам катышты.

Машыгуудан кийин делегациялардын жетекчилери өрт өчүрүүчү, авариялык-куткаруу жана атайын техникалардын көргөзмөсүнө барып, россиялык куткаруучулар колдонгон коопсуздукту камсыздоонун заманбап технологиялары менен таанышты.

Мындан тышкары, делегация өкүлдөрү «Ленрезерв» патриоттук бирикмесинин көргөзмөсүнө барышып, Россия Федерациясынын Баатыры, армиянын генералы Е.Н. Зиничев атындагы Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Санкт-Петербург мамлекеттик өрткө каршы кызматынын университетинин бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземине катышышты. Бүтүрүүчүлөрдүн арасында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билим алган 3 курсант дагы болду.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу