Жаңылыктар

09.04.2025 16:10

   Кароолор: 308

КР ӨКМ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ КРИЗИСТТИК ЖАНА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДЫ БАШКАРУУ БОЮНЧА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК САММИТИНЕ КАТЫШУУДА 

Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында 2025-жылдын 8-апрелинде жана бүгүн, 9-апрель күнү “Глобалдык туруктуулукту курууга бир жол” аталышында кризисттик жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча бүткүл дүйнөлүк сегизинчи саммити - 2025 өтүүдө. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун жетекчилигинде ӨКМдин делегациясы катышууда.

Саммиттин алкагында 8-апрелде Азамат Мамбетов Бириккен Араб Эмираттарынын өзгөчө кырдаалдар, кризис жана табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук башкармалыгынын төрагасы Али Саид аль Нияди мырза менен жолугушуп, эки өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар кызматтары ортосунда табигый кырсыктарга каршы күрөшүү, анын ичинде тажрыйба алмашуу, кадрларды даярдоо, биргелешкен окууларды жана машыгууларды өткөрүү боюнча мындан ары да кызматташуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эки тарапты кызыктырган башка маселелер боюнча да пикир алмашуу болду.

Жылуу маанайда өткөн жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өлкөлөрдүн калкын жана аймактарын кырсыктардан коргоо жаатында олуттуу натыйжаларга жетишүү боюнча өз ара кызматташууну чыңдоону улантууга даяр экенин билдиришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

h
Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу