Жаңылыктар

27.08.2025 15:42

   Кароолор: 281

КР ӨКМ АЗИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ БАНКЫ МЕНЕН ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАРДАН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРДИ КАРЖЫЛОО ДОЛБООРУН ТАЛКУУЛАДЫ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясы менен жолугуп, табигый кырсыктарда жардам көрсөтүү үчүн байланыштарды аныктоо жана каржылоо (CDF) маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун негизги максаты – өзгөчө кырдаалдардан жапа чеккендерге жардам берүү тармагын өнүктүрүү боюнча сунушталып жаткан программанын ишке ашырылышын талкуулоо болду.

Акылбек Мазарипов Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнө иш сапары жана өлкөдөгү кырсыктардын тобокелдигин жоюуну каржылоо механизмдерин иштеп чыгууга болгон кызыкдарлыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, КР ӨКМ аталган банктын бул тармакты инновациялык каржылоого көрсөткөн колдоосун жогору баалайт.

Жолугушууда АӨБ миссиясы Кыргызстанда катталган табигый-техногендик кырсыктардын түрүнө, аларды аныктоо деңгээлдерине, жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүүнүн ыкмаларына жана кесепеттерин жоюу боюнча кандай иш аракеттер көрүлөрүнө кызыгышты.

Суроолорго жооп берип жатып, Акылбек Мазарипов КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги табигый, техногендик мүнөздөгү апааттарга даярдыкты жана алардын кесепеттерин жоюуну камсыздоодо негизги ролду ойной турганын айтты. Ошондой эле, ал өлкөдө эң көп катталган коркунучтар - сел, жер көчкү, суу каптоо жана жер титирөө болуп саналарын, андан жабыркагандарга туруктуу жооп кайтарууну жана колдоону камсыз кылуу үчүн өз убагында каржылоону ишке ашыруу зарылдыгы турганын баса белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар калктын жана аймактын коопсуздугу, бейпил турмушу үчүн биргелешкен бул долбоорду жакынкы убакта ишке ашыруунун маансин белгилеп, аны менен катар өз ара кызматташууну өнүктүрүү, эл аралык өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да чыңдоо ниеттерин ортого салышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу