Жаңылыктар

28.05.2024 09:26

   Кароолор: 422

КР ӨК МИНИСТРИ ЧЕК АРАЧЫЛАРДЫ КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

КР ӨК МИНИСТРИ ЧЕК АРАЧЫЛАРДЫ КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

 

УРМАТТУУ ЧЕК АРАЧЫЛАР!

Бүгүн, 28-май – Кыргыз Республикасынын Чек ара күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Сиздер Кыргыз Мамлекетинин эгемендигин, географиялык аймактактык бүтүндүгүн, элибиздин коопсуздугун коргоодо зор салым кошуп келесиздер.

Албетте өнүгүүгө кадам таштаган мамлекетибиздин тынчтыгын камсыздоодо Чек ара кызматынын салымы ат көтөргүс.

Андыктан өлкөбүздүн эртеңки келечегине кам көргөн чыныгы кесипкөй чек арачыларга чың ден соолук, кажыбас кайрат, майтарылгыс эрк, күжүрмөндүк каалайм.

Ишиңиздердин ар бир күнүн ийгиликтер коштоп, Чек арабыз бекем болсун! Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн кызмат кыла бериңиздер!

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын

Өзгөчө кырдаалдар министри,

генерал-майор

Бообек Ажикеев

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу