Жаңылыктар
11.05.2025 13:20
Кароолор: 121
КР ӨК МИНИСТРИ БООБЕК АЖИКЕЕВ ӨЗДҮК КУРАМ МЕНЕН ЖОЛУГУП, АТА-ЭНЕЛЕРГЕ ИЛИКТӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫН БИЛДИРДИ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскердик бөлүктөрдүн биринде 2025-жылдын февраль айында уставдык тартиптердин жана кызматтык тартиптин одоно бузулушу катталган.
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен бул факты боюнча министрликтин тийиштүү кызматтарынын катышуусунда ыкчам ички иликтөө иштери жүргүзүлгөн.
Иликтөөнүн жыйынтыгында аталган асекрдик бөлүктүн командалык курамы жана окуяга тиешеси бар аскер кызматкери катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылган.
Тартиптик териштирүүнүн жыйынтыгына ылайык, жарандык жана кызматтык жоопкерчиликти бузган кызматкерлер ээлеген кызматтарынан бошотулган.
Бүгүн, 11-майда окуя тууралуу видеоматериал коомчулукка тарагандан кийин, министр Б.Ажикеев жана биринчи орун басары А.Мамбетов менен аталган аскердик бөлүккө барып, аскер кызматчыларынын ата-энелери менен жолугуп, кырдаалды жеринен дагы бир ирет баалашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө:
– Министрликтин жетекчилиги ата-энелер менен ачык диалог жүргүзүп, буга чейин көрүлгөн чаралар тууралуу кеңири маалымат беришти;
– Министр мындай учурларда өз убагында министрликке, Аскер кызматчыларынын ата-энелеринин коомдук бирикмелерине жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылуунун маанилүүлүгүн белгиледи;
– Аскерлер үчүн шарттарды жакшыртуу, анын ичинде спорттук инвентар менен камсыз кылуу жана дене тарбияга убакыт бөлүү маселелери көтөрүлдү;
– Өзгөчө көңүл жоокерлердин моралдык-психологиялык абалын бекемдөөгө бурулду.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уставдык жана кызматтык тартипти бузган бардык көрүнүштөрдү кескин айыптап, мындай учурларга карата катуу тартиптик чаралар көрүлөрүн белгилейт.