Жаңылыктар

30.04.2025 13:15

   Кароолор: 355

КР КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН АСКЕРДИК ИНСТИТУТУНУН КУРСАНТТАРЫ ӨКМдин КРИЗИСТТИК КЫРДААЛДАРДА БАШКАРУУ БОРБОРУНУН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Советтер союзунун баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы К.Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунда билим алган 1-курсттун курсанттары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризисттик кырдаалдарда башкаруу борборунда экскурсия жасашты.

Анда ӨКМге караштуу Окуу-изилдөө борборунун адистери курсанттарга аталган борбордун ишмердүүлүгү менен тааныштырып, “112” кызматына келип түшкөн чалууларга, билдирүүлөргө карата ыкчам таасир этүүнү жана калкка жардам көрсөтүү ыкмаларын үйрөтүштү. Ошону менен катар өзгөчө кырдаалдар катталган учурда алдын ала кулактандыруу жана маалымат жеткирүүдө кандай жолдорду, булактарды колдонсо болорун айтып беришти.

Белгилей кетсек, мындай окуулар ӨК министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамыркановдун протоколдук тапшырмасы менен жүргүзүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу