Жаңылыктар
17.05.2025 10:33
Кароолор: 178
КР КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮНҮН АСКЕРДИК ИНСТИТУТУНУН КУРСАНТТАРЫ ӨКМде ЭКСКУРСИЯ ЖАСАШТЫ
Советтер Союзунун баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик институтунда билим алган 1-курстун курсанттары ӨКМге караштуу Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментине экскурсия жасашты.
Курсанттарды коштоп барган Окуу-изилдөө борборунун окутуучу курамы департаменттин адистери менен байланыштырып, алардын ишмердүүлүгү тууралуу таанышууга жол ачып беришти.
Анда адистер жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу, жер көчкү, суу ташкындоо, сел каптоо сыяктуу табигый кубулуштардын активдешүүсүн иликтөө, ошондой эле көлдөрдү изилдөөнүн жаңы методдорунун түрлөрү жөнүндө маалымат берип, айрым системалык жабдуулардын колдонулушу, анализдөөнүн ыкмаларын көрсөтүп беришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР