Жаңылыктар
16.01.2025 18:45
Кароолор: 473
КОРРУПЦИЯНЫ ТОКТОТ! ӨЗДҮК КУРАМГА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ МЫЙЗАМЫ ТААНЫШТЫРЫЛДЫ
Бүгүн, 16-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү тууралуу жыйын өттү. Жыйында министрдин орун басарлары жана УКМК өкүлдөрү ӨКМдин жалпы жамаатына “Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамындагы өзгөртүү-толуктоолор тааныштырды.
“Президент Садыр Жапаров кылмышкерлерге каршы күрөшүү, укук бузуу сыяктуу бир катар мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул мыйзамдар өлкө аймагында жыл башынан тарта ишке кирди. Жаңы өзгөртүүлөр тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өлкө аймагындагы башкармалыктарына, мекмелерине жеткирилүүдө. Ар бирибиз коррупцияга аралашпай, мыйзам менен иштеп, мамлекетибизге салым кошолу”, - деген ӨК министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлүнө сөз берди.
УКМК өкүлүнүн айтымында, Кыргызстанда бардык мамлекеттик мекеме-ишканаларда коррупцияга каршы күрөшүү тынымсыз жүрүүдө.
““Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине” өзгөртүүлөр киргизилип, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратылат жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта кызмат орундарын ээлөөгө өмүр бою тыюу салуудан турат. Кызматкерлер жасаган кылмыштарына жараша бир нече жылдарга эркиндигинен ажыратуулар каралаган”, - деди ал.
Жыйындын соңунда Азамат Мамбетов кызматкерлерди коррупциядан, кызматтык ката кетирүүлөрдөн алыс болууга чакырып, аталган мыйзамдагы өзгөртүүлөрдүн ар бирине токтолуп, түшүндүрүп берди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР