Жаңылыктар
11.02.2025 13:23
Кароолор: 494
КОРЕЯ ӨКМге ТӨРТ МЕДИЦИНАЛЫК ТЕЗ ЖАРДАМ УНААСЫН РАСМИЙ ТАПШЫРДЫ
Бүгүн, 11-февралда ӨКМдин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Канат Карыбай уулу GO&DO Кореянын GO&DO социалдык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда төрт медициналык тез жардам унаасын расмий тапшыруу иш-чарасы уюштурулду.
Тез жардам унааларын өткөрүп берүү КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Корея Республикасынын Кёнгидо провинциясынын Өрт өчүрүү кызматынын ортосундагы көп жылдык кызматташуунун бир бөлүгү болуп саналат.
Эске салсак, 2022-жылы Кёнги провинциясынын Өрт өчүрүү кызматы тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине төрт унаа тапшырылып, алар 2023-жылдын 18-апрелинде расмий түрдө бөлүмгө өткөрүлүп берилген.
2023-жылдын ноябрь айында дагы эки унаа бөлүнгөн. 2024-жылдын май айында Кызматташуу келишимине кол коюлуп, андан кийин Кыргызстан 2024-жылдын декабрында дагы төрт тез жардам унаасын алган.
Бүгүн Кореянын GO&DO социалдык коргоо фондунун делегациясы төрт жаңы унаа тапшырып, мурда алынган унаалардын абалына баа беришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыктын мындан аркы келечектүү багыттарын талкуулашты.
GO&DO фондунун Пак Ву Хи маалымдагандай, Сеулдан кошумча дагы жардам күтүлөт, бул шашылыш медициналык жардам көрсөтүү жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Өз кезегинде КР ӨКМи Кореянын GO&DO социалдык коргоо фондуна жана Корея Республикасынын Өкмөтүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, үзгүлтүксүз жемиштүү кызматташууга үмүттөнөт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР