Жаңылыктар

28.10.2025 22:27

   Кароолор: 37

КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨРДҮН ӨРТ КООПСУЗДУГУН АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАЛАРЫ ӨТТҮ

Ош шаарында акыркы күндөрү өрт кырсыктарынын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин тапшырмасынын негизинде көп кабаттуу турак үйлөрдө өрт коопсуздугун камсыздоо жана жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча атайын профилактикалык иштер өткөрүлдү.

Бул иштердин алкагында министрдин орун басары Эрнест Жусупов жетектеген комиссия Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы көп кабаттуу турак үйлөрдө текшерүү иштерин жүргүздү.

Иш-чаранын жүрүшүндө турак жайлардын техникалык абалы, өрт коопсуздугунун нормаларынын сакталуу деңгээли, ошондой эле эвакуациялык чыгуу жолдорунун абалы текшерилди.

Мындан тышкары, өрт коопсуздугунун абалын жакшыртуу боюнча үй жетекчилери жана тейлөө кызматтары менен жолугушуулар өткөрүлүп, турак үйлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына да бир катар тапшырмалар берилди.

Текшүүнүн негизги максаты — көп кабаттуу үйлөрдө өрт коопсуздугунун талаптарынын аткарылышын күчөтүү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу