Жаңылыктар
04.02.2025 20:27
Кароолор: 114
КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨРДӨГҮ КЕЗЕКТЕГИ ТЕКШЕРҮҮ
ӨКМдин Өрттү көзөмөлдөө кызматынын адистери бүгүн, 4-февралда Бишкек шаарынын Октябрь району боюнча көп кабаттуу үйлөрдүн өрт коопсуздугуна даярдыгы боюнча кезектеги текшерүү иш-чараларын жүргүздү.
Пландык текшерүү өрт кырсыктарынын алдын алуу, материалдык чыгымдарды азайтуу, адам өлүмдөрүнө жеткирбөө жана калк арасында өрт коопсуздугу боюнча маалымат жайылтуу максатында жүргүзүлүүдө.
Муну менен катар жергиликтүү жашоочуларга өрт кырсыгы катталган учурда алгачкы көрүлүүчү чаралар жөнүндө эскертүү жана түшүндүрүү аракеттери көрүлдү.
Жыйынтыгында айрым одоно мыйзам бузуулар боюнча эскертүү жана аларды жоюу боюнча бир катар акт түзүлдү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР