Жаңылыктар

09.08.2024 16:50

   Кароолор: 178

КӨП КАБАТТУУ ҮЙДӨН ӨРТ ЧЫГЫП, 10 АДАМ ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

9-август күнү Бишкектин Октябрь районунун 4-кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында электр калканынан өрт чыккандыгы кабарланган.

Өрттү өчүрүүгө саат 15:31де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылып, ыкчам түрдө куткаруучулар үйдүн үстүнкү кабаттарынан 10 кишини эвакуациялашкан. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Өрт саат 16:29да толук өчүрүлгөн. Мындан сырткары жерине тез жардам жана РЭТ кызматы тартылган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу