Жаңылыктар
21.10.2025 12:37
Кароолор: 218
КӨП КАБАТТУУ ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТТҮ ТАЛДОО КОМИССИЯСЫ ӨЗ ИШИН БАШТАДЫ
Кечээ, 20-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Ош шаарында чыккан ири өрт кырсыгын талдоо жүргүзүү үчүн атайын комиссия түзүлдү.
Учурда министрдин орун басары Эрнест Жусупов жетектеген өрттү талдоо комиссиясы өз ишин баштады. Кырсыктын келип чыгуу себептери, көп кабаттуу үйдүн суу гидранттары жана башка өрт коопсуздугунун талаптары каралууда.
Эске салсак, Ош шаарында көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыгып, болжолдуу аянты 1895 чарчы метрди түздү. Тилсиз жоону өчүрүүгө ӨКМден 8 күжүрмөн эсеп, 2 автошаты, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, штаб чыккан.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР