Жаңылыктар

12.12.2024 15:25

   Кароолор: 449

КӨП КАБАТТУУ ТУРАК ҮЙДӨН ЧЫККАН ӨРТТӨН 20 АДАМ КУТКАРЫЛДЫ

Өрт саат 15:04тө толук өчүрүлдү.

Бүгүн Бишкек шаарынын Октябрь районунун 12-кичи районунда жайгашкан 9 кабаттуу турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 14:03тө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана АЛ-31 автошаты тартылган.

Куткаруучулар тарабынан 20 адам эвакуацияланып, 4 адам тез жардам кызматына кайрылган.

9 кабаттуу турак үйдүн 3-кабатынан чыккан өрттөн улам батирдин болжол менен 60 чарчы метр аянты күйгөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу