Жаңылыктар

10.09.2024 18:06

   Кароолор: 496

КООПТУУ АЙМАКТА ЖАШАГАН ЖАРАНДАРДЫН КООПСУЗДУГУ ТЫКЫР ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ

ӨК министринин орун басары А.Мазарипов Ош облусундагы кооптуу аймактарды жеринен кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл өкмөтүнө карашту Кара-Жыгач айылынын Эргеш Абдылдаев участкасында 63 түтүн жашайт, алардын ичинен 23 турак үй кооптуу деп табылганына карабастан, азыркыга чейин ошол аймакта жашап келишет. Аталган айылдын тургундары мамлекет тарабынан жардамдарды убагында алышкан, бирок кооптуу жерден көчпөй жашап келишет.

Министрдин орун басары А.Мазарипов кооптуу аймактарды текшерүү учурунда, жергиликтүү бийликке бир катар тапшырмаларды берүү менен бирге айылдын жабыркаган ички чарбалык жолун калыбына келтирүү иштери жергиликтүү бийликке жүктөдү. Бул чара тургундардын коопсуздугун камсыздоо максатында көрүлүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу