Жаңылыктар
18.07.2024 18:24
Кароолор: 1130
КООПТОНБОҢУЗ... АДЫГИНЕ КӨЛҮНӨ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮЛҮП ТУРАТ
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынын төрүндө Адыгине көлү жана майда көлмөлөр бар. Көл деңиз деңгээлинен 3580 метр бийиктикте жайгашып, “Ала-Арча” улуттук паркынан 10 километр алыс.
Бир нече күндөн берки жаанчыл аба ырайында көлдүн абалы коомчулукту, капчыгайдын эс алуучуларын кооптондурбай койбойт.
Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын Калк жана аймактарды коргоо бөлүмүнүн башчысы капитан Э.Исаков жетектеген ыкчам топ кечээ, 17-июлда таң эрте Адыгине көлүнө жана жанындагы көлмөлөргө көзөмөл жүргүзүп келишти. Аталган көлдө суу деңгээли жылдык нормага ылайык жана дамбасын жырып кетүү коркунучу жок экендиги аныкталды.
Ал эми ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыевдин айтымында, ар жылы бийик тоолуу көлдөр изилденет.
“Азыркы учурда Ала-Арчанын үстүндөгү көлдөр критикалык толуп кетүү коркунучунда эмес, буга космос-снимоктон байкоо, салыштыруу тынымсыз жүргүзүлүүдө. Биз тараптан “нулевой изотерма” тактап айтканда, температуранын жогорулашы байкалууда. Эгерде тоо көлдөрүндө жырылып кетүү коркунучу жаралса, жергиликтүү бийликке алдын ала эскертүүлөр берилет. Учурда бул кызматтын кызматкерлерине тоо көлдөрүн байкоо жүргүзүү үчүн талаа-изилдөө жумуштары мерчемделген”, - дейт Даурбек Сакыев.
Белгилей кетсек, Улуттук Илимдер академиясынын кызматкери Сергей Ерохин тоо көлүнүн кооптуулугу тууралуу маегин “Азаттык” радиосуна берген.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР