Жаңылыктар

03.07.2025 17:06

   Кароолор: 271

КООПСУЗДУКТУ ЭСКЕРТҮҮДӨ ДРОН КОЛДОНУЛУУДА

ӨКМ жана Туристтик милиция эс алуучуларды сак болууга чакырат!

Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуучулардын коопсуздугу биринчи орунда жана башкы мааниге ээ. Министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин буйругунун негизинде учурда туристтик мезгилдеги коопсуздукту сактоо иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүрүүдө.

Бул максатта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын Ысык-Көл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жана ИИМдин Туристтик-экологиялык милиция эс алуучуларга түшүндүрүү ишин улантууда.

Ал эми суу коопсуздук эрежелерин эскертүүдө дрон, моторлуу кайыктар колдонулууда. Маселен дрон колдонууда көрсөтүлүп, тыюу салынган тилкелерде түшүп жаткан эс алуучуларга ыкчам жетип барып, эскертүү ыңгайлуу жана натыйжалуу болууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу