Жаңылыктар

27.06.2024 18:20

   Кароолор: 236

КООПСУЗДУК — СЕНИН ӨМҮРҮҢ

1-июль Кыргыз Республикасынын Куткаруучулар күнүнө карата борбор калаанын Панфилов сейил багында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Чек арасыз дарыгерлер менен биргеликте шаар тургундарына кызыктуу иш-чара уюштурушту.

Калктын коопсуздугун ойлогон куткаруучулар сейил бакта эс алуучуларга коопсуздук эрежелерин практикада көрсөтүп, түрдүү кырсыктын алдын алууну кеңири түшүндүрүштү.

Сейил бакка балдарын ойнотууга алып келген ар бир ата-эне жакшы саамалыкка күбө болуп, куткаруучу, өрт өчүрүүчүлөр колдонгон бардык шаймандар менен таанышып чыгышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу