Жаңылыктар

07.02.2025 15:30

   Кароолор: 1330

КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕСИН ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ. МЕДРЕСЕДЕГИ МАШЫГУУ...

ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары район аймагында диний окуу жайларда өрт-тактикалык машыгууларды өткөрүшүүдө.

Токмок шаарынын 3-кичирайонундагы "Токмок Медресе" медресесинин устаздарына жана устаттарына өрт коопсуздугу тууралуу лекция өтүштү.

Сценарийге ылайык тилсиз жоо чыкканда адам өмүрүн сактоону, өзүн өзү алып жүрүүнү, жабыркаган адамга медициналык алгачкы жардам көрсөтүүнү, коопсуз жайларга эвакуациялоону тажрыйба жүзүндө көрсөтүштү.

Ал эми медресе жетекчилерине коопсуздук эрежелерин ар дайым сактоо тууралуу түшүндүрүүнү эскертишти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу