Жаңылыктар
14.12.2023 13:27
Кароолор: 2335
КООПСУЗДУК ЭРЕЖЕЛЕРИ ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!
Өлкө аймагы кыштын босогосун аттап, үйлөрдү, имараттарды, соода жайларын жылытуунун ар кандай түрлөрүн колдоно башташты. Бул мезгил өрт коопсуздугуна оңой эле жол ачат.
Кышында өрт коопсуздук эрежелерин так сактабагандыктан, тилсиз жоонун ар кандай түрлөрүнө кабылып, материалдык баалуулуктардын чыгымына дуушарланышат. Айрым учурларда адам өмүрү үчүн кооптуулук жаралбай койбойт.
Тилсиз жоонун алдын алуу максатында 13-декабрда Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери борбордук базардагы “Жазгүл” жана “Ырыскы” соода түйүндөрүндөгү сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.. Сатуучуларга өрт шаймандарын туура так сактоону жана оң абалда кармоо эрежелерин түшүндүрүштү.
Соодагерлерге кыш мезгилинде адистердин көзөмөлүнөн өткөн электр жылыткычтарын колдонууну, тез күйүп кетүүчү буюмдардан, кийим-кечелерден алыс жайгаштырууну жана мезгил-мезгили менен электр буюмдарын унутпай өчүрүүнү сунушташты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР