Жаңылыктар

28.03.2024 12:44

   Кароолор: 291

КООПСУЗ ЖАШАЙЛЫ... ЭВАКУАЦИЯ ЭРЕЖЕСИН БИЛЕСИЗБИ?

Кечээ, 27-мартта ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын Кочкор району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары мугалимдер менен бирге Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында "Жер титирөөдө жана өрт кырсыгы келип чыккандагы алгач аткарылчу иш-чаралар" деген семинар өткөрүштү.

Аталган семинарга район аймагындагы орто мектептердин мугалимдери да катышышты. Куткаруучулар жыйындын катышуучуларына жер титирөө, өрт кырсыктары тууралуу кеңири маалымат берип, кырсыктар катталган учурда окуучуларды, кызматкерлерди туура эвакуациялоо эрежелерин көрсөтүштү

Мындан сырткары өрт өчүрүүчү шаймандарды колдонууну тажрыйба жүзүндө көрсөтүп, окуучулардын кызыккан суроолоруна жооп берип, алардын сүрөт өнөрүн баалашты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу