Жаңылыктар

02.07.2025 13:19

   Кароолор: 272

КООМЧУЛУКТА ТАЛКУУ БОЛУП ЖАТКАН ОКУЯГА ӨКМдин РАСМИЙ БИЛДИРҮҮСҮ

Учурда өлкөдө массалык маалымат каражаттарына күйөөсү тарабынан сабалган Валерия аттуу аял тууралуу окуя Россия Федерациясынын Якутск шаарынан орун алганын белгилейбиз. Окуядагы арызданган Валерия Россия Федерациясынын якут улутундагы жараны.

Бул окуяга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эч кандай тиешеси жок. ӨКМ мындай зордук-зомбулуктарга категориялык түрдө каршы. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ичке иштер министрлиги менен биргеликте иш алып барып, мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында байма-бай алдын алуу иштерин жүргүзүп турат.

Такталбаган маалыматтарга таянып, ӨКМге шек келтирген билдирүүлөрдү жазбоого чакырабыз жана маалыматты чыгарып жатканда ӨКМ менен такташып, окуянын чын-төгүнүн, каякта болгонун тактап жазууну өтүнөбүз.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу