Жаңылыктар
06.03.2024 17:21
Кароолор: 778
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! УНАА ЖОЛДОРУНДА АТАЙЫЛАП КАР КӨЧКҮЛӨР ТҮШҮРҮЛӨТ
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
УНАА ЖОЛДОРУНДА АТАЙЫЛАП КАР КӨЧКҮЛӨР ТҮШҮРҮЛӨТ
Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 293-306-чакырымында жана Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында кырсыктардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында, кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү иши жүрөт.
Кар көчкүнү атып түшүрүү иши 2024-жылдын 7-март күнү, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери тарабынан атайы артиллериялык эсепти колдонуу менен жүргүзүлөт.
Урматтуу айдоочулар! Буга байланыштуу аталган унаа жолдорунда чектөөлөр маал-маалы менен киргизилип турат. Унаалардын ортосунда 500м аралыкты сактаңыздар. Ошондой эле жарандарды түшүнүү менен кабыл алып, зарылчылык болбосо сапарга чыгуудан баш тартууну сунуштайбыз.
Кырсык катталганда же жолдордогу абал боюнча ыкчам маалымат жана жардамды “112” номерине байланышуу менен алсаңыз болот. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кызматта.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР.