Жаңылыктар

28.06.2024 17:51

   Кароолор: 1085

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! НӨШӨРЛҮҮ ЖААНДАН УЛАМ СЕЛ ЖҮРҮШҮ МҮМКҮН БОЛГОН АЙМАКТАР

ӨКМге караштуу Кыргызгидрометтин жана ӨК мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолу боюнча, 2024-жылдын 28-июнунан 2-июлга чейин республикабыздын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо туруксуз аба ырайы жана нөшөрлүү (локалдуу) жаан-чачын күтүлүп жаткандыгына байланыштуу сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Мындан улам кооптуу табигый процесстердин активдешүүсү мүмкүн болгон аймактар:

• Жалал-Абад облусу: Аксы, Ноокен, Базар-Коргон райондору;

• Баткен облусу: Лейлек жана Кадамжай району;

• Ош облусу: Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондору.

• Чүй облусу: Кемин, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондору.

• Ысык-Көл облусу: Ак-Суу, Тоң жана Түп райондору.

• Талас облусу: Талас, Бакай-Ата району.

• Нарын облусу: Нарын, Жумгал району.

ӨКМ жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоону, аймактардагы Жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттарын даярдык абалда кармоону эскертет!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу