Жаңылыктар

17.02.2024 16:05

   Кароолор: 758

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ! 17-ФЕВРАЛГА КАРАТА УНАА ЖОЛДОРДОГУ АБАЛ

❗️КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!

 

17-ФЕВРАЛГА КАРАТА УНАА ЖОЛДОРДОГУ АБАЛ

 

2024-жылдын 16-февраль күнү, туруксуз аба ырайынан улам кар күрткүсү пайда болуп, кар көчкү түшүү коркунучу болгондугуна байланыштуу кырсыктардын алдын алуу максатында бир катар унаа жолдор убактылуу жабылган.

🔹️17-февраль күнгө карата,

Кочкор районунда Бишкек— Нарын — Торугарт, Нарын — Баетов унаа жолдору ачылды.

🔹️Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка унаа жолунун 34-101км аралыгы жана Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 0-4 чакырымдары кар көчкүдөн тазаланып, жол каттамы ачылды.

🔹️Тогуз-Торо районунда Казарман — Актал — Чат унаа жолдун 42-44-чакырымына түшкөн кар көчкүнү тазалоо иши жүрүүдө.

🔹️Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болгондуктан жол жабылган. Учурда унаа жол тазаланууда

🔹️Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп—Кеген унаа жолунун 39-76-чакырмында кар күрткүсү пайда болуп, жол жабылган.

🔹️Ошондой эле облустун Ак-Суу районунун Каракол — Эңилчек унаа жолунун болжол менен 65-70-чакырымына кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган. Аймактарда катуу бороон болуп жаткандыгына байланыштуу жолду тазалоо иши аба ырайы турукташканга чейин токтоп турат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу