Жаңылыктар

28.03.2025 04:50

   Кароолор: 229

КОҢШУ ӨЛКӨДӨ 5,5 БАЛЛ ЖЕР ТИТИРЕП, КЫРГЫЗСТАНДА ДА СЕЗИЛГЕН (Такталган маалымат)

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 04:42де Казакстандын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 42° 39 с.ш.λ = 73° 00´в.д.) күчү *5,5* магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Талас облусунун Талас районунун Көпүрө-Базар айылында 5 балл, Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында жана Бишкек шаарында болжол менен 4 баллга (Көпүрө-Базар айылынан 20 чакырым түндүктө, Бишкек шаарынан 133 чакырым түштүк батышка) чейин сезилген.

Учурда жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу